КОЛУМБИЯЛЫКТАР
КОЛУМБИЯЛЫКТАР (өздөрүн к о л о м б и ан о с деп аташат) – эл, Колумбиянын негизги калкы. Венесуэлада, АКШда да жашайт. Жалпы саны 34,5 млн киши, а. и. 32,5 млну Колумбияда. Испан тилинде сүйлөшөт. Негизинен католицизмди, о. эле протестантизмди (пресвитериандар, баптисттер ж. б.) тутушат. К-дын этностук негизин жерг. индейлер – чибча-муиска, Колумбияга көчүп келген испандардын укумтукумдары – креолдор, мулаттар ж-а кул катары Африкадан алып келинген негрлер түзгөн. 16-к-дын 30-жылдарында испандар Колумбияны басып алган. 18-к-дын аягында жерг. уруулардын көбүн испан баскынчылары кырган же ассимиляцияланган. Негизинен а. ч-да (кофе, банан, ананас, тамеки, какао, жүгөрү, буудай, күрүч ж. б. өстүрөт), о. эле нефть, тоо кендерин казып чыгаруу ө. ж-нда эмгектенишет.