КОЛУМБ
КОЛУ́МБ (лат. Columbus, итал. Colombo, испанча Colon) Христофор (1451, Генуя ш., Италия – 20. 5. 1506, Испания Вальядолид ш.) – генуялык деңиз саякатчы.

1476–84-ж. Португалияда
жашаган. Жердин шар формасында экендиги ж-дөгү байыркы түшүнүктөргө ж-а 15-к-дагы ката божомолдорго таянып, Европадан Индияга баруучу эң кыска батыш деңиз жолунун долбоорун түзгөн. Долбоорду Португалия колдобогон соң, Испания королу Фердинандды ж-а королева Изабелланы Ост-Индияга жасай турган
экспедициясын каржылоого көндүрүп, 1492-ж.
үч кичинекей кеме м-н («Санта-Мария», «Пинта», «Нинья») жолго чыгып, Атлантика океанын алгачкы ирет кесип өтүп, Багама а-на, Куба ж-а Гаитиге жетип, Азиядан анча алыс эмес жердебиз деп, ал жерди Вест-Индия атаган. Анын алгачкы отчёту Жаңы Дүйнөнүн бар экенине
күбө болгон. Бир жылдан кийин (1493–96)
э к и н ч и э к с п е д и ц и я с ы н а 17 кеме м-н чыгып, алтын таап келүүнү максат кылган. Үч жыл бою Кариб архипелагын изилдеп, бирок максатына жетпей кайткан. Кичи Антил аралдар тобундагы айрым аралдарда, Пуэрто- Рикодо, Ямайка ж-а Кубанын түш. жээгинде (83° батыш узундукка чейин) болот. Ү ч ү н ч ү э к сп е д и ц и я с ы н а (1498–1500) өтө кыйынчылык м-н каражат таап жолго чыгып, Тринидад а-н ж-а Түш. Американын жээктерин көрөт.
Т ө р т ү н ч ү э к с п е д и ц и я с ы н а (1502–
04) начар жабдылган 4 кеме м-н чыгып, Борб. Американын Атлантика жак жээгин (Гондурас булуңуна чейин) изилдейт. К-дун Америка ж-дөгү жыйнаган геогр. маалыматтарынын дүйнөлүк тарыхый мааниси зор. Анын аты м-н Түш. Америкадагы мамлекет, Канададагы провинция, АКШдагы федерация округу, плато, дарыя, Аляска ж. а-ндагы мөңгү, Багама а-ндагы тайыздык (банка), Кариб деңизиндеги суу астындагы чуңкурдук, Шри-Ланканын борбору, көптөгөн дарыялар, көлдөр, тоолор, шаркыратмалар ж-а тумшуктар (көпчүлүгү АКШда) аталган.
Ад.: Морисон С. Э. Христофор Колумб мореплаватель. М., 1958; Путешествия Христофора Колумба.
Дневники, письма, документы. М., 1961; Свет Я. М. Севильская западня. (Тяжба о колумбовом наследстве). М., 1969; он же. Колумб. М., 1992; Магидович В. И., Магидович И. П. Эпоха Великих открытий. М., 2003.