КОЛРИЖ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КО́ЛРИЖ Сэмюэл Тейлор (21. 10. 1772, Девоншир Оттери-Сент-Мэри – 25. 7. 1834, Лондон) –
англ. акын ж-а адабий сынчы. 1789-ж. демокр. маанайдагы «Бастилияны алуу» деген ыры жарыкка чыккан. Кийин консервативдик өңүткө
өткөн. К. – «Лирикалык балладалар» (1798,
У. Вордсворт м-н бирге, бүтпөй калган «Кристабель» поэмасынын (1816-ж. чыккан), («Кубла хан же түштө көргөндөр» фрагментинин (1798),
«Картаң моряк жөнүндө поэма» ж. б. чыгармалардын автору. Шекспир тууралуу лекциялары (1849-ж. басылган) ж-а сынчыл эсселери бар.
К-дин поэтикалык чыг-лыгы 19–20-к-дагы англис поэзиясына, Россияда Пушкинге (1830-жыл-