КОЛПАКОВСКИЙ Герасим Алексеевич
КОЛПАКОВСКИЙ Герасим Алексеевич (04. 03. 1819, Россия империясы, Малороссия, Харьков губерниясы – 23. 04. 1896, Санкт-Петербург) – Борбордук Азияда Россия империясынын колониялык саясатын ишке ашыруучулардын бири, орус армиясынын генералы, Батыш Сибирь, Түркстан жана Талаа генерал-губернаторлугунун аскердик-акимчилигинин башчысы. Өз ыктыяры менен 1835-жылдан Севастополдогу модлиндик 57-жөө аскер полкунда катардагы жоокер болуп кызмат өтөөгө киришкен. 1840-жылы унтер-офицер, 1841-жылдан прапорщик, кийинки жылы полктун адъютанты наамын алып, 1844-жылдан полктун квартирмейстерлигине (жоокерлерди жайгаштыруучу) дайындалган. Алгач венгр жортуулдарына катышкан. 1844-жылдан кенже лейтенант наамы менен Кавказга жөнөтүлгөн. Ал жердеги тоолуктарга каршы согуштарда өзгөчөлөнүп, 1846-жылы 4-даражадагы Ыйык Анна ордени менен сыйланган. Көп өтпөй лейтенант наамына жетип, полктун казыначылыгына дайындалган. 1852-жылдан Өз алдынча Сибирь корпусунун командири жана Батыш Сибирдин генерал-губернатору Г. Х. Гасфорттун адъютанты болуп, 1854-жылы капитан наамын алгандан кийин Өз алдынча Сибирь корпусунун штабынын улук адъютанттыгына жеткен. Артыкча кызматы үчүн 1855-жылы майор наамын алып, Березовск районунун командиринин милдетин аткаруучулугуна дайындалган. 1858-жылы 4-июлдан Ала-Тоо (Алатау, Алатав) округу жана Чоң Ордо (Улуу жүз) кыргыздарынын (казактар) командирлигине дайындалып, Верный чебине жөнөтүлгөн. 1860-жылдан подполковник жана ушул эле жылы полковник А. Е. Циммермандын экспедициясы менен Чүй суусунун сол жээгине өтүп, Кокон хандыгынын көзөмөлүндөгү Токмок, Пишпек чептерин талкалоого катышкан. 1860-жылы күздө подполковник Г. Колпаковский Каштек чебинде Улуу жүз казактары жана жеңил куралчан казак-орус атчан аскери (бардыгы миң кишиге жакын) менен үч күндүк салгылашууда 16 000 кишиден турган кокондук аскердин үстүнөн жеңишке жеткен. 1860-жылы сентябрь айында Канаат шаа башындагы 24 замбирекчен 15 миңдей (айрым маалыматтарда 22 миң) кокон аскери жергиликтүү элге таянып Пишпек чебин кайра калыбына келтирип, Кара-Каштек суусунун жээгине жүрүш жасап, бул жердеги полковник Г. А. Колпаковскийдин кол алдында 4 замбирек, 2 ракета станогу менен куралданган 3 рота жөө аскер, 400 казак-орус, бардыгы 799 аскерге кол салган. Бирок 1860-жылдын 18–21-октябрындагы салгылашууда (кара: Узун-Агач салгылашуусу) кокондуктар жеңилип, чегинип кеткен. Бул салгылашуудан киийн Чүй өрөөнүн каратууга жол ачылган. Бул жеңиши үчүн ал полковник наамын алып, 4-даражадагы Ыйык Георгий ордени менен сыйланган. 1862-жылы ал кайрадан Чүй суусунун сол өйүзүнө жүргүзүлгөн чалгындоо отрядын жетектеп, Токмокту экинчи жолу ээлеген. 1862-жылы 13–24-октябрда он күндүк курчоодон кийин Пишпек чебин талкалап, ал үчүн генерал-майор наамына ээ болгон. 1864-жылы Г. Колпаковский Семипалатинск облусунун аскерлер башчылыгына дайындалган. 1867-жылы Жети-Суу облусу түзүлүп, ал анын аскер губернатору, Жети-Суу казак-орустарынын атаманынын милдетин аткаруучусу жана аймакта жайгашкан аскерлердин командири болгон. 1871-жылы 28-марттан генерал-лейтенант наамын алып, Цин аскерине каршы Кулжа жүрүшүн ийгиликтүү уюштургандыгы үчүн 3-даражадагы Ыйык Георгий ордени менен сыйланган. Ушул жүрүштөрдүн жыйынтыгында 1860-жылы Пекин келишимине кол коюлуп, кийин (кара: Петербург келишими) Россия менен Цин империяларынын чек арасын демаркациялоо аяктаган. Бир нече жолу Түркстан генерал-губернаторулугун убактылуу милдеттерин аткарып, 1875–1876-жылдардагы Кокон хандыгына каршы жүрүштө экспедициялык күчтөрдүн бирине командачылык кылган. 1882-жылы Талаа генерал-губернаторлугу түзүлгөндөн кийин анын генерал-губернатору жана Омск аскер округунун командачысы болгон. 1885-жылы 30-августта толук кандуу генерал наамын алган. Бул Россия империясынын тарыхында аскердик атайын билими жок туруп, катардагы жоокерден эң жогорку наамга көтөрүлгөн генералдардын бири болуп калган. 1889-жылы кызматын тапшырып, Санкт-Петербургга кеткен жана ал жерде Аскердик Кеңештин мүчөсүнүн милдетин аткарган. Өзүнөн кийинки жергиликтүү административдик-акимчиликти башкарган генералдарга салыштырмалуу Г. Колпаковский кол алдындагы көчмөндөргө калыс мамиле жасоого аракет кылган. Россия империясынын бардык орус ордендери, анын ичинде бриллиант менен кооздолгон Александр Невский орденине татыган. Сөөгү Никольское көрүстөнүнө коюлган. Тескей Ала-Тоодогу мөңгүлөрдүн бири Г. Колпаковскийдин ысымын алып жүрөт.
Ад.: Вибе П. П. Колпаковский Герасим Алексеевич. //Омский историко-краеведческий словарь. М., 1994.