КОЛЛЮВИЙ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КОЛЛЮ́ВИЙ (лат. colluvio – жыйылуу, чогулуу, топтолуу) – тоо капталдарына, этектерине жыйылып калган кесек талкаланган тектер. Тоо тектердин талкаланышынан пайда болот. Оордук күчүнүн таасири астындa каптал ылдый кулап, тартипсиз орун алат (мис., шагылдар). Талкаланган бөлүкчөлөр миздүү, кырдуу, урчуктуу келет. Чоңдугу ар кандай. Делювийдeн арасында өтө майда талкаланган тектердин (кум, чопо) жоктугу м-н айырмаланат. Курулуш материалы болуп саналат.