КОЛЛАЖ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЛЛА́Ж (французча collaqe– сөзмө-сөз – жабышты­руу) – искусстводогу техникалык ыкма– кандайдыр бир материалга андан өңү жана фактурасы боюнча айыр­малануучу материалды жабыштыруу; бул ыкма менен жасалган чыгарма да коллаж деп аталат. Коллаж не­гизинен графикада чыгарманын фактурасы­нын көркөмдүгүн күчөтүү – ар түркүн материал­дарды күтүүсүз айкалыштыруу максатында кол­донулат. Коллажды кубизм – футуризм жана дадаизм өкүлдөрү жасалма эксперимент катары кир­гизген.


К. Швиттрс. «Кы­зыл үч бурчтук». 1926. Шпренгель музейи, Ганновер.