КОЙЧИЕВ Мамбет
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КОЙЧИЕВ Мамбет (1899, Нарын облусу, Ак-Талаа району, Кара-Ой айылы – 13. 4. 1974, ошол эле жер) – малчы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1948).

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы 1-Май, Тоголок Молдо атындагы колхоздордо жылкычы болуп иштеген. 1947-жылы 50 бээден 50 кулун алып, аман асыраган. Ленин ордени м-н сыйланган.