КОЖО-КАКЫР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЖО-КАКЫР – Баткен облусунун Кадамжай районундагы кыштак. Кара-Дөбө айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 990 м бийикте жайгаш­кан. Райондун борбору Пүлгөн кыштагынан 30 км чыгыш тарапта. Кызыл-Кыя темир жол бекетинен 25 км. Калкы 718 (2007); негизинен мал ж-а дый­кан чарбаларында эмгектенет.