КОЖО-АРЫК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЖО-АРЫК – Ош обл-нун Ноокат р-нундагы кыштак. Т. Кулатов атн. айыл округуна караш­туу. Деңиз деңг. 1420 м бийикте жайгашкан.
Райондун борбору Ноокат ш-нан 44 км батыш тарапта. Кызыл-Кыя т. ж. бекетинен 19 км. Кал­кы 7000дей (2009); негизинен мал ж-а дыйкан чарбаларында эмгектенет. Эки орто мектеп, ки­тепкана, медпункт бар. Соода түйүндөрү, тамак­тануу жайлары иштейт.