КОЖОЯР КУМ-ШАГЫЛ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЖОЯР КУМ-ШАГЫЛ КЕНИ Ысык-Көл р-нун­да, Кожояр кыш-нан 0,5 км чыгышта, Күнгөй Ала-Тоонун түш. капталындагы Ак-Суу суусу­нун оң өйүзүндө, деңиз деңг. 1800–1900 м би­йикте. 1972-ж. Түн. Кыргыз геол. экспедиция­сы чалгындаган. Кен аймагын ортоңку төртүнчү­лүк мезгилинин аллювий тектери түзөт. Кум м-н шагыл суунун кашатын бойлой жайгашып, 1–2 кмге созулат. Калыңдыгы 25–30 м. Мында­гы койташтар – 37,25%, шагыл – 36,09%, кум – 26,54%, кумдагы чаң – 3%. Шагылды чаңдан арылтып жууп, майдалап «300» маркасындагы бетон алууга болот. Запасы А+В категориясы

б-ча 4620 миң м3, С 7934 миң м3, кумдуку А+В – 931 миң м3.