КОЖОНАЛИЕВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЖОНАЛИЕВ Кубатбек Азатович [16. 08. 1958, СССР, Кыргыз ССРи, Фрунзе (азыркы Чүй) облусу, Кемин району, Быстровка кыштагы)] – юстиция­нын генерал-майору (2003). 1985-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетин бү­түргөн. 1985–1987-жылдары КМУда окутуучу, 1987–1991-жылдары

Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасында улук тер­гөөчү, 1991–1993-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратын­да референт, бөлүм башчы­сы, 1993–1997-жылдары КРдин аскер прокурору, 1997–1999-жылдары КРдин мамлекеттик коопсуздук комитети­нин төрагасынын орун ба­сары, 1999–2000-ж. КРдин Президентинин Админис­трация башчысынын орун басары, 2001–2003-жылдары КРдин Башкы прокурору­нун орун басары-аскер прокурору, 2003–2004-жылдары Жалал-Абад облусунун прокурору, 2004–2005-жылдары Чүй облусунун прокурорунун орун басары. Чернобыль АЭСиндеги кырсыкты токтотуунун катышуу­чусу (1991). Россия Федерациясынын «Достук» ордени менен сый­ланган.