КОЖОКЕЛЕҢ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЖОКЕЛЕҢ – Ош обл-нун Кара-Суу р-нундагы кыш­так. Папан айыл округуна караштуу. Кичи Алай өрөө­нүндөгү Жиптик-Суу суусунун өйүз-бүйүзүндө, деңг. 1995 м бийикте жайгашкан. Райондун бор­бору Кара-Суу ш-нан 120 км. Ош т. ж. бекети­нен 90 км. Калкы 1486 (2007); негизинен мал м-н алектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб, ФАП бар.