КОЖЕМЯКО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЖЕМЯ́КО Пётр Никитич (1918, Казакстан, Костонай обл., Жетигара р-ну, Архангельск кыш. – 1973, Бишкек) – археолог, Кыргыз ССРинин илим ж-а техника жаатындагы мамл. сыйл. лауреаты (1983). 1938–42-ж. Ташкентте­ги О. Азия мамл. ун-тинин тарых ф-тин бүткөн. 1946–54-ж. СССР ИА Кыргыз филиалынын Та­рых, тил ж-а адабият ин-тунда, 1956–60-ж. Кыргыз ССР ИАнын Тарых ин-тунда ил. кыз­маткер, 1960–73-ж. археология секторунун баш­чысы болуп иштеген. Кырг-ндын археология­сы, байыркы ж-а о. кылымдагы тарыхы б-ча 40тай эмгек жазган. Чүй, Талас өрөөндөрүндөгү Невакет, Ак-Төбө ш-н казып, о. кылымдарда­гы шаар мад-тын изилдеген. Чүй өрөөнүндөгү отурукташкан калктардын археол. эстеликте­ри тууралуу монографиясы эң көрүнүктүү ил. эмгек болуп саналат. Кырг-ндагы байыркы ар­хеол. эстеликтердин тизмесин түзүп, аларды кор­гоого коомчулукту чакырган. Кырг-нда архео­логия илими б-ча адистерди даярдоого көп күч жумшаган. 1961-ж. Талас өрөөнүнөн рун жазуу­су бар бир эстеликти (сегизинчи талас эстелиги) таап, Фрунзе ш-на алып келген.


Эмг.: Раннесредневековые города и поселения Чуй­ской долины. Ф., 1959.