КОЖАХМЕТОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЖАХМЕТОВ Какимсеит Хамитович (1937- ж. т., Казакстан, Талды-Коргон обл., Алакул р-ну, Үч-Арал айылы) – физик, физика-мате­матика илимд. доктору (2002). Ленинград мамл. ун-тин (1963), ошол эле жерде аспирантураны (1966) бүтүргөн. Казак ССР ИАнын Математика ж-а механика ин-тунун кенже ил. кызматкери, окумуштуу секретары, директордун орун баса­ры, Казакстан мамл. ун-тнда улук ил. кызмат­кер, Кыргыз ССР ИА ФМИде улук ил. кызмат­кер, лабор. башчысы, ФПИде улук ил. кызмат­кер, жетектөөчү ил. кызматкер, КТУда доцент, улук ил. кызматкер, 1996-жылдан КМКТАУнун ил.-из. бөлүмүнүн башчысы. Катуу нерсенин де­формациялануу механикасы тармагы б-ча адис. 70тен ашык ил. эмгеги, а. и. 3 монографиясы жарык көргөн.


Эмг.: Нелинейная теория упругости. Б., 1996; Метод граничных элементов в задачах геомеханики. Б., 2000; Расчётные методы оценки устойчивости отко­сов. Б., 2000.