КОВАЛЕНКО Николай Митрофанович
КОВАЛЕНКО Николай Митрофанович [30. 12. 1922, СССР, РСФСР, Алтай губерниясы, Барнаул уезди (азыркы Благовещенск району), Леньки кыштагы – 28. 02. 2000, Россия Федерациясы, Алтай крайы, Барнаул шаары] – Даңк орденин толук кавалери. 1939-жылы жети жылдык мектепти аяктагандан кийин үй-бүлөсү менен Кыргызстандагы Жалал-Абад (азыркы Манас) шаарына көчүп келишкен. Кызыл Армиянын катарына Жалал-Абад райондук аскер комиссариаты тарабынан 1941-жылы июль айында чакырылып, 83-Түркстан тоолуу аткычтар дивизиясына жөнөтүлгөн.

Түндүк Кавказ жана 4-Украина фронтторунда согушуп, Кавказды коргоо, Туапсе шаарынын жанындагы салгылашуу жана Крымды бошотууга катышкан. 1944-жылы 22–23-январда Керч жарым аралындагы салгылашуулар учурунда көрсөткөн эрдиги үчүн гвардиянын улук сержанты Н. М. Коваленко 15. 02. 1944-жылы 3-даражадагы (№ 3091), 1944-жылы 21–22-сентябрда Боров кыштагынын (Чехословакия) жанындагы салгылашууда душмандын 20дан ашык жоокерин пулемет менен жок кылган эрдиги үчүн 03. 11. 1944-жылы 2-даражадагы (№ 22342), 15. 05. 1946-жылы фронтто немецтик баскынчыларга каршы күрөштө командирлердин тапшырмаларын үлгүлүү аткаргандыгы үчүн 1-даражадагы (№ 75) Даңк ордендери менен сыйланган. 1946-жылы демобилизацияланып, мекенине кайтып келгенден кийин Барнаул шаарында локомотив машинисти болуп иштеген. 1-даражадагы Ата Мекендик согуш, эки Кызыл Жылдыз ордендери, ж.б. медалдар менен сыйланып, 1945-жылы июнь айында Кызыл аянттагы Жеңиш парадына катышкан.
Ад.: Алымкулов Н. А. Кыргызстанцы – герои Советского Союза и полные кавалеры Ордена Славы: новые факты, имена. Б., 2025.