КОБЗА
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КОБЗА́ – 1) байыркы лютня сымал кылдуу чертме музыкалык аспап. Чыгыш Украинада пайда болгон деген божомол бар;

2) румын-молдавандардын 4 кылдуу лютня сымал кылдуу чертме музыкалык аспабы. Кээде кобза же бандура бир эле аспапты түшүндүрөт (кобза-бандура). Кобзанын корпусу жарым сфералык, кыска моюндуу, 5–8 кылдуу. XVIII–XIX кылымдарда аспапка дагы кылдар кошулган. Жалпы узундугу 520–530 мм. Плектор менен чертилет. Жеке, ансамблде жана оркестрде аспап катары колдонулат.