КЛИВЛЕНД
КЛИ́ВЛЕНД – АКШнын түн.-чыгышындагы шаар. Огайо штатында. Эри көлүнүн түш. жээгинде, Кайахога д-нын чатында жайгашкан. Калкы 432,0 миң (2009; шаар айланасы м-н 3 млн). Автомагистраль ж-а т. ж. түйүнү. Хопкинс эл аралык ж-а Берк аэропорттору бар. Эри көлүндөгү порт. Метрополитен иштейт. АКШ-нын финансы-соода, илим, билим ж-а маданий ири борбору. Кара металлургия, металл иштетүүчү, электр-тех., хим., полигр. ө. ж. ишканалары иштейт. Ун-ттер, ил.-из. борбору, музей (а. и. рок-н-ролл), театрлар (а. и. АКШдагы эң ири Плейхаус-сквер комплекси) бар. 1796-ж. генерал М. Кливленддин экспедициясы тарабынан негизделген. 1836-жылдан шаар статусуна ээ. 1870-ж. Ж. Д. Рокфеллер К-де «Standard Oil» компаниясын негиздеген, ал кийинчерээк эл аралык ири корпорацияга айланган. 1920-жылдардын башында эле АКШдагы эң ири ө. ж. борбору ж-а калкынын саны б-ча 5-шаар болгон. Паблик-сквер аянтында ар деко стилиндеги «Терминал Тауэр» (1926–30; бийикт. 216 м), постмодернизм стилиндеги «Ки Тауэр» (1991; 290 м) ж-а «200 Паблик-сквер» (1987; 216 м) ж. б. көптөгөнасман тиреген үйлөр жайгашкан. Пианисттердин эл аралык конкурсу (1975; эки жылда бир), индия салттуу музыкасынын (АКШдагы эң ири) ж-а эл аралык кино фестивалдары өткөрүлүп турат. Ботан. бак ж-а зоопарк уюштурулган.