КЛЕМЕНЦ 1

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЛЕ́МЕНЦ Дмитрий Александрович [15. (27) 12. 1848, Самара губерниясы, Горяиновка кыш. – 8 (21) 1. 1914, Москва] – орус окумуштуусу, архео­лог, этнограф, тарыхчы, географ, саякатчы. Ка­зан (1867-жылдан), кийин Санкт-Петербург ун­тинде (1869–71) окуган. Санкт-Петербургдагы рев-ялык иштерге катышкандыгына байланыш­туу 1873-ж. ун-тти бүтпөй, жашыруун абалга өткөн. 1879-ж. «Земля и воля» («Жер жана эрк»)


журналынын редактору болгон. Ушул эле жылы камакка алынып, Минусинскиге айдалган. Сибирде жүргөндө көп жыл геология, археоло­гия, этнография, тарых м-н алектенип, жер кы­дырган. О. Азиянын, Сибирдин бир катар же­рин изилдейт. Иркутск, Минусинск музейлерин уюштурууга түздөн-түз көмөктөшөт. 1890-ж. Ир­кутскиге жайгашып, Императордук орус геогр. коомунун Чыгыш-Сибирь бөлүмүнө мүчө болуп шайланат. Бир катар экспедицияларга, а. и. ИА уюштурган В. В. Радловдун экспедициясы­на катышат. «Восточное обозрение», «Сибирская газета» гезиттерине макалалар жазган. 1897– 1903-ж. Антропология ж-а этнография музейин­де улук этнограф, 1903–10-ж. орус музейинин этнография бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.


Эмг.: Из прошлого. Воспоминания. Л., 1925.


Ад.: Федоров В. И. Революционный народник, учёный и просветитель Д. А. Клеменц. Красноярск, 1988.