КЛАССИКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЛА́ССИКА (латынча classicus – үлгүлүү, мыкты) – искусство менен адабияттын улуттук жана дүйнөлүк маданият үчүн туруктуу баалуулукка ээ болгон, адам ба­ласына бийик эстетикалык таасир берүүчү ру­хий зарылдык деңгээлинен түшпөгөн чыгарма­лары (мисалы, Фирдоуси «Шахнаме», Ж. Баласа­гуни «Кут алчу билим», А. С. Пушкин «Евге­ний Онегин» жана башкалар), к. Классицизм, Классика­лык адабият.