КИЧИ САНДЫК АЛТЫН КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИЧИ САНДЫК АЛТЫН КЕНИ Жалал-Абад обл-нун Чаткал р-нунда, Чандалаш суусунун оң жээгинде, деңиз деңг. 2600–3000 м бийикте. 1965-ж. табылган. 1965–76-ж. изделип баалан­ган. Кен аймагы пермдин гранодиорит-порфир­лери м-н жирелген, карбондун кварц желвак­тары бар акиташ тектеринен түзүлгөн. Кенташ гранодиорит-порфир м-н акиташ тектеринин эндоконтактындагы тарам түрүндөгү тик жан­тайган скарн тулкулары м-н байланышкан. Кен магмадан кийин минералдашкан. Тарамдашкан зоналар тибине ж-а скарн-алтын-жездүү форма­цияга кирет. Негизги минералдары: нукура ал­тын, борнит, халькопирит, халькозин, арсено­пирит, пирит, галенит, сфалерит. Кенташтагы алтындын орт. өлчөмү 6,6 г/т, күмүш – 11,4 г/т, жез – 1,66%. Кенташтын болжолдуу ресурсу 4062 миң т; алтын – 27,049 т, күмүш – 46,203 т, жез – 67645 т.