КИЧИ НЕФУД

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИЧИ НЕФУ́Д , Д е х н а – Араб жарым аралынын борбордук бөлүгүндөгү кумдуу чөл. Чоң Нефуд ж-а Руб­эль-Хали чөлдөрүнүн аралыгында, Сауд Арабия­сында. Узундугу 1200 кмдей, басымдуу бийиктиги 400– 500 м. Суйдаң бадал-баялыштуу өсүмдүктөр өсөт. Жайыт катары кеңири пайдаланылат.