КИЧИ КЕМИН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИЧИ КЕМИН – Чүй обл-нун Кемин р-нундагы кыштак. Кичи Кемин айыл округуна караштуу. Кичи Кемин суусунун сол өйүзүндө, Бишкек – Ак-Түз жолунун боюнда, деңиз деңг. 1600 м би­йикте жайгашкан. Райондун борбору ж-а т. ж. бекети Кемин шаарчасынан 20 км түн.-чыгыш


тарапта. Кыштак 1921-ж. негизделген. Калкы 2813 (2007); негизинен мал м-н алектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб, бала бакча бар. Үй­бүлөлүк врачтар тобу, соода түйүндөрү, турмуш­тиричилик кызматынын бөлүмдөрү иштейт.