КИЧИ АЛАЙ ӨРӨӨНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИЧИ АЛАЙ ӨРӨӨНҮ түштүгүнөн Алай, түндүгүнөн Кичи Алай кырка тоолору м-н чек­тешет. Исфайрам суусунун жогорку бөлүгүндө кеңдик багытта созулуп жатат. Ноокат р-нунун аймагында. Уз. 50 кмдей, туурасы 1–2 км чама­сында. Таманынын деңиз деңг. бийикт. баш жагында 3640 м, ортосунда 2360 м, аягында 1660 м. Капталдары тик, батышты карай жан­тайыңкы. Тар капчыгайлар, кум шагылдуу жал­пак беттер, корумдуу ойдуңдар, байыркы море­налар кеңири таралган. Негизинен палеозойдун гранит, акиташ тектери басымдуу. Климаты континенттик, январдын орт. темп-расы –10... –15°С, июлдуку 10–13°С. Өрөөн аркылуу Исфай­рам, Шибе суулары агып өтөт. Өрөөндү курча­ган тоолор мөңгүлүү. Негизинен бадалдуу шал­баалуу талаа (2600–2900 м), бадалдуу шалбаа­луу токой (2300–3000 м), субальп (2500–3200 м), альп шалбаа (3200–3600 м) ландшафттары мүнөздүү. Арча токойлуу. Суу бойлорунда чы­чырканак, ал, терек, кайың ж. б. өсөт. Жайыт.