КИЧИ АЛАЙ КЫРКА ТООСУ
КИЧИ АЛАЙ КЫРКА ТООСУ Түш. Теңир-Тоодо, Алай кырка тоосунун тармагына кирет. Ноокат р-нунун аймагында. Исфайрам-Сай ж-а Ак-Буура сууларынын аралыгында батыштан чыгышты карай 78 кмге созулуп жатат. Туурасы 20 км. Орт. бийикт. 4600 м, эң бийик жери 4933 м (Уларлы чокусу). Тоонун батышы Кичи Алай, чыгышы (Чөгөм ж-а Коргон сууларынан тартып Ак-Буурага чейин) Олокон-Тоо деп аталат. Кичи Алайдын кыры аска-зоокалуу, мөңгүлүү (Тегирмеч, Гезарт, Агарт, Карагой, Кашка-Суу ж. б.); мөңгүнүн этегинде көл көп кездешет. Олокон-Тоодо мөңгү жокко эсе. Тоонун түш. капталдары Кичи Алай өрөөнүн карай тик түшөт, кокту-колоттуу, терең капчыгайлуу. Түн. капталдары жазы, Кербен – Көк-Жар, Ноокат өрөөндөрүн карай жантайыңкы. Түн. капталында уз. 20–25 м келген Жоожатты (бийикт. 4048 м), Ярунтуз (3670 м), Жузан (3273 м), Алтын-Казык (3328 м) тоолору кеңдик багытында созулуп жатат. Батыш бөлүгү гранит-диорит, гранит, сиенит-диорит интрузия тектеринен, чыгыш жапыз бөлүгү сланец, кумдук, катмарланган кремний, диабаз, акиташ теги, кремнийлүү сланец, алевролит тоо тектеринен турат. Таш көмүр ж. б. кендер бар. Тоодон Исфайрам-Сай, Ак-Буура сууларынын куймалары, Абшыр-Сай, Араван-Сай суулары башталат. Түш. капталдарына талаа ж-а сейрек токой-бадалдуу-шалбаалуу талаа, түн. капталдарына талаа ж-а шалбаалуу талаа (2300 мге чейин), өскүлөң чөптүү шалбаа, бадалдуу арча токой (2300–3000 м), субальп ж-а альп шалбаасы (3000–3400 м), андан жогорку гляциалдык-нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Чарбачылыкта жайыт, жапыз бөлүктөрү чабынды катары пайдаланылат. 2500 м бийикте, Мазар өрөөнүндө КР УИАнын Арча токоюн изилдөө ил. станциясы бар.