КИЧИ АЗИЯ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КИЧИ А́ЗИЯ – Азиянын батышындагы жарым арал, Түркиянын көп бөлүгүн ээлейт. Кара, Мрамор, Эгей, Жер ортолук деңиздери, Босфор ж-а Дарданелл кысыктары м-н чулганат. Аянты 400 миң км2дей. Түн. ж-а түш. жэээктери түзөң, батыш жээги булуң-буйткалуу. Жарым аралдын көп бөлүгүн Кичи Азия тайпак тоосу ээлейт. Жээк бойлой айрым ойдуңдар созулуп жатат, аларда жер ортолук деңиздик өсүмдүктөр басымдуу.