КИСЕЛЁВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИСЕЛЁВ Владимир Владимирович (1934-жылы туулган, Фрунзе) – геолог, геология-минералогия илимдеринин доктору (1992). ФПИни бүткөн (1957). Кыргыз ССР ИАнын геология институтунда илимий кызматкер, 1977-жылдан лаборатория жетекчиси. Илимий иштери не­гизинен жалпы ж-а аймактык геология, изо­топтук геохронологияга арналган.