КИРИЛЛ-МЕФОДИЙ КООМУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИРИ́ЛЛ-МЕФО́ДИЙ КООМУ – Россия империя­сындагы жашыруун саясий уюм. 1845-ж. Киев-


де түзүлгөн. Мүчөлөрү: В. М. Белозерский, Н. И. Гулаг, Н. И. Костомаров, П. А. Кулиш, Н. И. Савич, Т. Г. Шевченко ж. б. Коомдун мак­саты – борбору Киевде жайгашкан славяндык демокр, респ-ларды (штаттарды) түзүү болгон. Коом жарандык тең укуктуулукту, жалпы шайлоо укугун сунуштаган. Айрым мүчөлөрү (Т. Г. Шевченко, Н. И. Гулак, А. Навроцкий) күрөштүн рев-ячыл ыкмаларын колдонсо да, жалпысынан коом либералдык-реформачыл по­зицияда турган. К.-М. к-нун мүчөлөрү 1847-ж. камалып, ар кандай жазага тартылган.


Ад.: Зайончковский П. А. Кирилло-Мефодиевское общество (1846–1847). М., 1959.