КИНГСТОН 2
КИ́НГСТОН – Канаданын түш.-чыгыш бөлүгүндөгү шаар. Онтарио провинциясында. Онтарио көлүнүн түн.-чыгыш жээгинде, Ыйык Лаврентий д-нын башатына жакын жайгашкан. Калкы 109,7 миң (2008; агломерациясында 150 миң). Маанилүү жол (автомобиль, суу ж-а т. ж. магистралдары кесилишет) тоому. Француздар тарабынан соода факториясы ж-а форт катары 1673-ж. негизделген. 1846-жылдан шаар. 1998-ж. анын курамына кошуна округдар (Кингстон ж-а Питтсбург) кирген. 19-к-дагы британ чепте-
ри (а. и. Форт-Генри; Ридо каналына кирүүнү коргоо үчүн салынган) ж-а канал Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген. Неоготика стилиндеги Кудай эне собору (1843–48), мэрия имараты (1842–44) сакталган. Король унти (1841), Канада король аскер коллежи (1876), сүрөт галереясы, музейлер (геол., минерал., криминология, деңиз ж. б.), Эл аралык муз үстүндөгү хоккей федерациясы (1965), театр (симф. оркестр иштейт) бар. Жыл сайын канадалык кино (2001) ж-а эл аралык жаз музыка фестивалдары (2005) өткөрүлүп турат.