КИНГСТОН 1

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИ́НГСТОН – Австралия ээлиги Норфолк а-нын адм. борбору. Аралдын түштүгүндө, Фижи де­ңизиндеги Эмили бухтасынын жээгинде жай­гашкан. Калкы 0,9 миң (2008). К-го жакын жер­де эл аралык аэропорт бар. Британиялык лей­тенант Ф. Г. Кинг тарабынан 1788-ж. абак шаарчасы (1814-ж. чейин) катары негизделген. 1825-ж. тартиби өтө катаал ж-а шарты оор жа­ңы абак түзүлгөн. 1855-ж. коомдун каршылы­гынын негизинде ал абак жабылган. Норфолк а-нын кеңири автономиясы токтотулгандан кийин (1856-ж. 1-январь), К. – анын адм. бор­бору. 1850-жылдар аягында кит уулоо үчүн пай­даланып, калкы аз калган. К-до Норфолктун адм. мекемелери, губернатордун резиденциясы, аралдын администрациясынын имараты, өк­мөттүн жыйындар залы, сот имараты бар. 20- к-дын 2-жарымынан аралдын администрация­сы эски курулуштарды сактап, калыбына кел­тирүү үчүн чара көрө баштаган. Норфолк а-нын музейи уюштурулган. Калкы негизинен турист­терди тейлейт. Жеңил, тамак-аш ө. ж. иштейт.