КИНГСТОН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИ́НГСТОН – Ямайка мамлекетинин борбору, шаар. Ямайка а-нын түш.-батыш бөлүгүндө, дөң­сөөлүү түздүктө, Кариб деңизинин жээгинде жай­гашкан. Калкы 578,5 миң (2008, Чоң Кингстон шаар агломерациясында 941 миң). Эл аралык аэропорту бар. Деңиз порту (жылына 18 млн т жүк ташылат). Жыл сайын август–октябрда ураган болуп турат. Өлкөнүн маанилүү соода-

Шаардын борбордук бөлүгү.

экон. борбору ж-а Кариб деңизиндеги ири порт. Британиялык келгиндер тарабынан 1693-ж. не­гизделген. 1703-ж. өрттөн жапа чеккен. 1872-ж. Ямайканын адм. борбору статусуна ээ болгон. 1944-ж. К-до Ямайканын жаңы конституциясы кабыл алынып, 1950-жылдардын аяк ченинде Вест-Индия федерациясынын курамына кирги­зилип, арал өзүн-өзү башкаруу укугуна ээ бол­гон. 1962-ж. августта Ямайка көз каранды эмес­тикке ээ болгондон анын борбору. К-дун борбо­рунда заманбап курулуштар курулган. Чыгы­шында Рокфорт чеби (17-к.), Сент-Томас чир­көөсү, парламент үйү (18-к.) ж. б. бар. Өлкөнүн ишкер, ири экон. ж-а финансы борбору. Ири компаниялардын штаб-квартиралары жайгаш­кан. Нефть ажыратуу (суткасына 35 миң бар­рель; Венесуэла м-н Мексикадан алат), а. ч. про­дуктуларын кайра иштетүүчү, тамеки, же­ңил, тамак-аш (пиво, ром, кофе) ө. ж. ишкана­лары, бал камыштан этил спиртин алуучу 2 з-д (жылына 220 млн л; үчүнчүсү курулууда) иш­тейт. Кустардык кол өнөрчүлүгү (белек-бечкек­терди даярдайт) өнүккөн. К. – баңгизаттарды (марихуана, кокаин, героин) жашыруун өндү­рүүнүн ири борбору. Ин-ттар [а. и. Ямайка ин­ту (1879)], технол. ун-т (1958), музейлер (а. и. аскер, Боба Марли), улуттук галерея бар. Бо­тан. бак уюштурулган. Кариб деңизинин бас­сейниндеги өнүккөн туризмдин ири борборло­рунун бири (негизинен АКШдан келет; 65%).