КИМ Валерий Леонидович
КИМ Валерий Леонидович (29. 9. 1951-жылы туулган, Ош шаары) –

педагог, педагогика илимдеринин доктору (2000), профессор (2002). КМУну бүтүргөн (1973). Кыргыз ССР ИАнын физика ж-а математика институтунда илимий кызматкер (1976), Кыргызстан КП Фрунзе шааркомунда ж-а Кыргызстан ЛКЖС БКда бөлүм башчы (1976–79), КМУУда окутуучу, кафедра башчысы (1979–93), ошол эле окуу жайга караштуу интеграция институтунун директору (1993–98), КР билим берүү министринин орун басары (1998–99), И. Арабаев атындагы педагогика университетинин эл аралык байланыштар боюнча проректору (1999–2000), сырттан окуу институтунун директору (2000–02), КР Президентине караштуу секретариаттын инвестициялык маркетинг боюнча эксперти (2002–05), Кыргыз мамлекеттик дене тарбия ж-а спорт академиясынын ректору (2005–10) болгон. 50дөн ашык илимий ж-а илимий-методикалык эмгектин автору.