КИЛЬЧИЧАКОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИЛЬЧИЧА́КОВ Михаил Еремеевич (21. 11. 1919-жылы туулган, Хакас АОсу, улус Манныгасулусу, Аскиз району-- 23. 08. 1990) – хакас драматургу ж-а акыны. М. Горький атындагы адабият институтун бүткөн (1953). Чыг­армачылыгы 1947-жылдан башталган. Хакас айлынын согуштан кийинки турмушун чагылдырган «Аюу колот» (1956) комедиясы м-н таанылган. Кильчичаков «Жалбырактар неге саргаят» (1961) драма­сынын, «Тирүү кан» (1962), «Жүрөктө калган тактар» (1964) ж. б. ыр жыйнактардын автору. Анын айрым чыгармалары кыргыз тилине которулган. «Ардак Белгиси» ордени ж-а медал­дар м-н сыйланган.