КИЙИТ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КИЙИТ, с а р п а й – кыз берип, уул үйлөнтүүгө байланыштуу кудалардын ортосундагы өз ара алыш-бериш кийим, кездеме же буюм. Ичик, чепкен, чапан, кемсел, бешмант, тебетей, калпак сыяктуу улуттук кийимдер куда-сөөктөрдүн жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша атайын арналып тигилип, кийитке берилген. Кымбат баалуу кийим «баш кийит» деп аталып, куда-кудагыйларга, аксакалдарга кийгизилген.