КИЙИЗ БУТ КИЙИМ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КИЙИЗ БУТ КИЙИМ – койдун кылчык же уяң жүнүнөн уютулуп жасалган байпак сымал буюм.

Атайын кепке даярдалган жүн салынып, кол менен улам суулап, кийиз баскандай эле басат. Көбүнчө кийиз бут кийим кийиз өтүк, кийиз чокой, кийиз байпак, кийиз кепич түрүндө эркекке, аялга, балага ылайыкталып, түрдүү өлчөмдө даярдалган.