КИЙИЗБАЕВ Тообай

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИЙИЗБАЕВ Тообай (1900-жылы туулган, Кемин району, Бейше­ке айылы – 1990, ошол эле жер) –

малчы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1948). Улуу Ата Мекендик согуштун ка­тышуучусу. Кемин районунда­гы «Бейшеке» колхозунда жылкычы болгон. Жылкы чарбасын өнүктүрүүдө чоң ийгиликтерге жетишип, 1947-жылы 50 бээден 50 кулун алып, аман асыраган. 1951–55-жылдарда Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты. Ленин ордени м-н сый­ланган.