КЕРЧӨӨ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КЕРЧӨӨ – союлган койдун төш этин териси менен тегерете оюп, кесилип алынган майлуу кыртышы. Керчөөнүн жүнүн кыркып, эт жагын узун-туура тилип, туз себет да, ичке таякчага тепчий сайып, отко куйкалап, кактап бышырат. Керчөө – чүйгүн тамактардын бири.