КЕН ЭЛЕКТРОВОЗУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕН ЭЛЕКТРОВОЗУ – тегиз, түз, бир аз эңке­йиш келген казмаларда топтолгон кенташтар­ды, көмүрдү, тоо тектерди ташуу үчүн колдону­луучу локомотив. Контакттуу ж-а аккумулятор­дуу түрлөрдөн турат. Контакттуу электровоз шах­тадагы чакан станциядан келген туруктуу ток­тун жардамы м-н иштейт. Казманын төбөсүнө илинген контакттуу зым аркылуу кыймыл ара­кетке келет. Өзгөрмө ток м-н да жүрөт. Электр учкунунан жарылуучу газдуу же чаңдуу шахта­ларда контакттуу электровоз колдонулбайт. Ак­кумулятордуу түрү энергиясы бир сменага то­лук жеткен аккумулятор батареясы м-н ишке киргизилет. Батарея шахтадагы чакан станция­да орнотулган түзөткүчтө заряддалат.