КЕНТАШ ТАЛААСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕНТАШ ТАЛААСЫ – геологиялык түзүлүштөрү бир­дей болуп, пайда болуштары бир мезгилге туу­ра келген кенташтуу аймак. Бири-бирине жа­кын орун алып, окшоштуктары боюнча биригип, өз ара топтошкон кендердин чогундусу. Геологиялык түзүлүшүнө, генезисине жараша магма, скарн, пегматит, гидротерм, метаморфоген, стратиформ түрлөрүнөн турат.