КЕНТАШ КЕНДЕРИ
КЕНТАШ КЕНДЕРИ , р у д а к е н д е р и – өлчөмү, сапаты, ордуна жараша казып алууга ыңгайлуу кенташтар. Жер кыртышынын терең бөлүгүндөгү ж-а жер бетиндеги геологиялык процесстерден пайда болот. Пайда болуу процесси бир нече баскычтан ж-а этаптан турат. Ар бир баскычта минералдык бирикмелер топтолот, тектоникалык тыныгуулар жүрөт. Бир генетикалык процесске (мис., гидротерм кендери) бир нече баскычтуу кенташ мезгили туура келет. Курамындагы металлдардын түрүнө жараша кара, жеңил, түстүү, асыл, сейрек кездешүүчү, радиоактивдүү кендерге бөлүнөт. К а р а м е т а л л д а р г а темир, марганец, хром, титан, ванадий кендери кирет. Бул кендер млрд т га жетип, металлдары ондогон процентти түзөт. Ж е ң и л м е т а л л д а рг а алюминий мисал болот. Алюминий боксит кенташынан өндүрүлөт. Т ү с т ү ү м е т а л лд а р г а жез, коргошун, цинк, кобальт, никель, сурьма кирет. Ирилери ондогон, жүздөгөн тга жетип, 10%ке чейин металл кездешет. С е й р е к у ч у р о о ч у м е т а л л д а р г а калай, вольфрам, молибден, сымап, бериллий, тантал, ниобий кендери таандык. Ири запастары 100 миңдеген тга жетип, металлдары 10%тен ашпайт. Р а д и о а к т и в д ү ү м е т а л л д а р негизинен уран м-н торийдин кенинен турат.
Ад.: Вольфим Ф. И., Дружинин А. В. Главнейшие типы рудных месторождений. М., 1982; Месторождения металлических полезных ископаемых. М., 2005.