КЕНТАШТЫ ТАЗАЛОО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕНТАШТЫ ТАЗАЛОО – кен байлыктарды жер астынан казып алып жатканда кенташты тоо тектерден, кошундулардан, таштандылардан арылтуу. Өз ичинен кенташты тоо тектер м-н бирге (дүң) ж-а ар бирин өз алдынча (селектор) казып алуучу түрлөргө бөлүнөт. Мында кенташ­ты тоо тегинен бөлүп казуучу казма – тазалоо­чу казма, үңүлмөсү – тазалоочу үңүлмө, кенташ­тарды тазалап, өз алдынча бөлүп алгандан ки­йин пайда болгон боштук тазаланган боштук деп аталат. Чоң кенташтарда бургулап жарды­руу комплекстүү жүргүзүлөт. Натыйжада кен­таш кесек бөлүкчөлөргө бөлүнүп талкаланат. Жер астынан көмүрдү сорттоп бөлүүдө комбайн, конвейер, жүктөгүч, скрепер, экскаватор, меха­никалашкан бекитмелер колдонулат.