КЕНЖЕБАЕВ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КЕНЖЕБАЕВ Шаршен (1932-жылы туулган, Нарын облусу, Ат-Башы району, Ой-Терскен айылы) – физик, физика-математика илимдеринин доктору (1994). КМУну (1953), Кыргыз ССР ИА ФМИнин ж-а Москва ФИнин аспирантурасын бүтүргөн (1965). 1965-жылдан КР УИА МИде кенже, улук илимий кызматкер, 1985-жылдан башкы илимий кызматкер. Ядро, элементардык ибөлүкчөлөр физикасы ж-а математикалык физика тармагы б-ча адис. 20дай илимий эмгеги, анын ичинде 1 монографиясы жарык көргөн.
Эмг.: Теория нестационарной термализации нейтронов в кристаллических средах. Ф., 1990; The evolution time of nucleon spectrum in residual excited nucleus and calcultation of the non – linear etfects (в соавторстве). Таш., 1994.