КЕНДИН БАЛАНСТЫК ЗАПАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕНДИН БАЛАНСТЫК ЗАПАСЫ – тереңдеги кен байлыктарды коромжусуз казып алууда ж-а кайра иштетүүдө, айлана-чөйрөнү коргоодо колдонулуучу иштер. Мында минералдык сы­рьёлордун өлчөмү, сапаты, технологиялык касиеттери ж-а кен өндүрүп алуудагы тоо-кен-технологиялык, географиялык, экономикалык шарты, изилдөө даражасы боюнча кон­дициялык талабына ылайык А, В, С1 ж-а С2 категориялар колдонулат.