КЕНГУРУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕНГУРУ́ (Kangaroo) – Австралиянын түштүк жээгине жакын жайгашкан арал, Чоң Австра­лия булуңунда. Аянты 4,4 миң км2дей. Жери­нин бети түзөң, бийиктиги 300 мге чейин. Кли­маты субтропиктик; жылдык жаан-чачыны 600 ммдей. Склерофиль бадалдары (мали-скрэб), кургак эвкалипт токою өсөт. Флиндерс-Чейс улуттук паркы бар.