КЕМИНЕ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КЕМИНЕ́ (жашыруун аты; өз аты М а м е д в е л и, болжолу 1770–1840-жылдар чен) – түркмөн акыны, сатирик. Адегенде айылдык молдодон, кийин Бухарадан окуган. Кеминенин ырларынын ж-а анекдотторунун кыркка жакыны гана оозеки сакталып калган. Ал«Кедей»,«Жакырдык» ж. б. чыгармаларында элдин оор турмушун сүрөттөсө, «Казыма» деген сатиралык чыгармасында эл эмгегин соргон акимдерди, дин алдамчыларын ашкерелеп, элди эркиндикке, биримдикке ж-а достукка үндөгөн.