КЕЛТЕБЕК АШУУСУ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КЕЛТЕБЕК АШУУСУ Ат-Башы кырка тоосунда. Кара-Коюн м-н Ак-Сай өрөөндөрүн байланыштырат. Баш-Келтебек суусунун башында. Бийиктиги 3969 м. Түштүк бети ашууга жакын тик, кумайлуу; түндүк бети жантайыңкы, бир аз корумдуу. Палеозойдун кумдук ж-а акиташ тектеринен түзүлгөн. Ашуу май–сентябрь айларында ачылат. Ак-Сай ж-а Чатыр-Көл өрөөндөрүнө мал ашырылат.