КЕКЕЧТИК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕКЕЧТИК – сөздүн муунун, тыбышын эрксиз­ден токтоп же кайталап айтуу м-н мүнөздөлгөн сүйлөөнүн бузулушу. Мектеп окуучуларында, айрыкча эркек балдарда көп жолугат. Ал ка­туу корккондон, үй-бүлөдөгү чыр-чатактан, жу­гуштуу оорулардан, мээге доо кеткенден болу­шу мүмкүн. Көбүнчө нерв системасы начар ба­ла кекеч болот. Адатта 25–30 жаштан кийин азаят, улгайган адамда сейрек кезигет. Кекеч бала өзүнүн бул кемчилигинен корунат, чоочун кишилердин көзүнчө сүйлөгөндөн тартынат, ке­кечтенгенде кызарып, уялып, тердейт. Мындай учурда кекечтенүү ого бетер күчөп, сүйлөө кол, буттун, бел булчуңдарынын эрксиз кыймылда­ры м-н коштолот. Кекечтикти логопед атайын програм­мада сабак өтүү м-н дарылайт. Эрте ж-а үзгүл­түксүз дарылоодон толук айыгышы же кыйла азайышы мүмкүн.