КВАДРАТТЫК ҮЧ МҮЧӨ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КВАДРАТТЫК ҮЧ МҮЧӨax +bx+c (а:;0) формуласы м-н аныкталган көп мүчө. a, b ж-а c сан­дары квадраттык үч мүчөнүн коффициенттери, адатта: a – алгач­кы, b – экинчи же ортоңку коэффициенти, c – бош мүчөсү деп аталат. D=b2–4ac туюнтмасы квадраттык үч мүчөнүн ж-а аны м-н байланышкан квадраттык теңдеменин дискриминанты деп аталат. Эгер D0 болсо, анда квадраттык үч мүчө төмөнкүдөй чыныгы коэффициенттүү көп мүчөгө ажырайт: ax2+bx+c=a(x– –x1)(x–x2), мында x1 ж-а x2 анын аныкталуучу тамырлары (нөлдөрү). Квадраттык барабарсыз­дык квадраттык үч мүчөнүн касиеттеринин негизинде чыга­рылат.