КАШЫК
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАШЫК – тамак-аш ичүүдө колдонулуучу ашкана буюму. Көлөмүнө жараша: аш кашык, чай кашык, жасалган затына жараша: к а л а й кашык, ж ыг а ч (с ы р) кашык, к ү м ү ш кашык, а л т ы н кашык деп аталат. Мурда кырмачылар тал, терек, арча, кайың, жаңгак жана башка жыгачтан бычак жана ийди менен кыруу аркылуу кашык жасашса, учурда жыгачтан, ар түрдүү металлдан өндүрүштө даярдалат.


