КАШКУЛАК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАШКУЛАК (Meles meles) – суусарлар тукумун­дагы сүт эмүүчү.

Дене узундугу 60–90 см, куйругу 12 – 24 см. Жону, капталы боз, боору каралжын. Башынын эки жагында тумшугунан кулакта­рын көздөй кара жолчолор кетет. Буттары кыс­ка, манжалары узунураак, тырмагы чоң, ийи­лип турат. Евразия токойлорунда, жарым чөлдөду мекендейт. Кыргызстанда да кездешет. Ийинде жашайт.
Суук аймактарда кышкысын чээнге кирет. 1–6 бала тууйт. Кашкулак майда кемирүүчүлөр, бака, кес­келдирик, омурткасыздар, өсүмдүк тамыр-саба­гы, мөмө, жаңгак, козу карын ж. б. м-н ылга­бай азыктанат. Майы дары катары керектелет.