КАТОН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАТО́Н улуусу (же Ц е н з о р) Марк Порций (б. з. ч. 234, Тускулум – 149, Рим) – римдик жазуучу, чечен, рим адабиятын негиздегендерден ж-а мамлекеттик ишмер (б. з. ч. 195-жылдан консул). Карфагендин элдешпес душманы, эски рим адеп-­ахлагын жактоочу. Катон – «Башталыш» аттуу Римдин 1-тарыхынын, көптөгөн каттардын автору. Анын «Дыйканчылык жөнүндөгү» (160-жыл чен) трактаты сакталып калган.